Жарнама

Нарында «Уй бүлөө» майрамдары башталды

2012-жыл «Уй бүлөө, ынтымак жана кечиримдүүлүк – Жылы», деп жарыяланганына байланыштуу шаарда майрамдык иш чаралар башталды. 28-январда борбордук аянтта жаштар үчүн жана жаш үй бүлөөлөр үчүн ар түрдүү сынактар өткөрүлөт. Кечинде  борбордук стадиондо коньки тебүү боюнча мелдеш болмокчу. 29-январда Батыш чөлкөмүндө чана жарыш, аркан тартыш, лыжа тебүү жана сноуборд боюнча жаш үй бүлөөлөр жана мекемелер арасында мелдештер уюштурулат. “Сынактын байге фондусу 30 миң сомду түзөт, 10 миң сому мэрия, 20 миң сому облус губернатору тарабынан берилди”, дейт Нарын шаарынын вице-мэри Чынара Абдыраимакунова.

Борборлоштурулган бухгалтерия болобу?

Акыркы жылдары Нарын шаарындагы бала-бакчаларда кадрдык, санитардык жана бухгалтериялык маселелери болуп келген. Чечүү үчүн комиссия түзүлүп, 2 бала бакчада март айында дагы текшерүү иштери жүргүзүлмөкчү. «Бала бакчалардын бухгалтериясын борборлоштурууда тоскоолдуктар болууда. Алар сотко берип, соттошуп жатабыз», – дейт Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүң жетекчиси Кубат Стамов.

 

Нурбек Молдокадыров: «Мен кызматтан кеттим»

Шаардык коллегиянын соңунда вице – мэр болуп иштеп келген Нурбек Молдокадыров, кызматтан өз каалоосу менен кетип жатканын билдирди. «Эч кимден, эч нерседен коркпойм. Өзүмдүн каалоом кетип жатам. Башка уюмдардан сунуштар түшүүдө, алдыда пландар дагы көп», – дейт экс вице-мэр. Н. Молдокадыров үч жылдан бери бул кызматта иштеп келген, күздө жергиликтүү шайлоого бараарын кошумчалады.

 

 

Нарын шаарынын генералдык планынын маселеси көтөрүлдү

Бул маселени шаардык коллегияда архитектура башкармалыгынын башчысы Уланбек Калманбетов көтөрдү. Генералдык план иштетилип шаардык кеңеште бекитилсе, бир көчүрмөсү Улуттук Коопсуздук Комитетинде болмокчу. Генералдык пландын наркы эки жарым млн сомду түзөт. Каржы жагы чечилсе, чийме Бишкек шаарынан  жасатылмакчы. Нарын шаары 2004-жылга чейин Нарын районуна караштуу болуп келген.

 

СИЗО-4 абал тынч

Нарындагы СИЗО-4 абал тынч. Ал жерде олтургандар республикабыздагы башка жаза өтөө мекемелеринен айырмаланышып, ачкачылык кармап же ооздорун төөнөшкөн жок. Эч кандай саясий талаптарды да көтөрүшпөдү. Аталган абакта крим лөктөрүнүн бири делген Азиз Батукаев жана Жогорку Кеңештин  мурдакы депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө шектүү деп табылган Руслан Абдуллин олтурушат. Өткөн жылы алардын абалы менен таанышкан Акыйкатчы Турсунбек Акун А. Батукаевге жолугуп, ага Нарында «жашоо жагып» жаткандыгын кабарлап, СИЗО-4 абал башка республикадагы андай мекемелерге салыштырмалуу жакшы экендигин баса белгилеген. Учурда аталган мекемеде мончо маселеси гана  чечилбей жаткандыгын Акыйкатчынын облустагы өкүлү Бакыт Ырысбеков кошумчалады.

Акыйкатчынын өкүлчүлүгү жыл жыйынтыгын чыгарды

Акыйтчынын өкүлчүлүгүнөтүшкөн  89 арыздын 23 милиция кызматкерлеринин  үстүнөн болгон. Бул маалыматты Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгү тастыктады. Өткөн жылы улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн 2, прокуратура кызматкерлерине 3, соттордун үстүнөн тогуз арыз түшкөн. «Сотторго түшкөн арыздар чындыкка жакындайт себеби үйүрлөп жылкы уурдагандар бош жүрсө, айрымдары амнистияга туш келишүүдө. Ал эми бир уюлдук телефон уурдагандар соттолуп кетишкен» дейт Акыйкатчынын Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Б. Ырысбеков. Андан сырткары алардын байкоолору боюнча 7-апрель окуясынан кийин милиция кызматкерлери тарабынан болгон уруп согуу дароо токтосо, ал жарым жылдан кийин кайра өсүш берүүдө.

atambaev3

Москвадагы Манастын эстелиги президенттин жеке каражатына тургузулат

Бир катар Интернет булактары маалымдагандай Москвадагы «Достук» паркында Манастын эстелиги тургузулат. Аны тургузууга президент Алмазбек Атамбаев өз жеке каражатынан 1 млн сом (21 миң доллардан ашык) бөлүп берди. Ал эми Россия тарап эстеликти сактап, көрктөндүрүп турууну өз мойнуна алат. Мындай келишим ырасмий Бишкектин өтүнүчү менен ишке ашып жатат.

Нарындык милициялар уруп сабоону күчөтүштүбү?

Акыйтчынын өкүлчүлүгүнөтүшкөн  89 арыздын 23 милиция кызматкерлеринин  үстүнөн болгон. Бул маалыматты Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгү тастыктады. Өткөн жылы улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн 2, прокуратура кызматкерлерине 3, соттордун үстүнөн тогуз арыз түшкөн. «Сотторго түшкөн арыздар чындыкка жакындайт себеби үйүрлөп жылкы уурдагандар бош жүрсө, айрымдары амнистияга туш келишүүдө. Ал эми бир уюлдук телефон уурдагандар соттолуп кетишкен» дейт Акыйкатчынын Нарны облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Б. Ырысбеков. Андан сыркары алардын байкоолору боюнча 7-апрель окуясынан кийин милиция кызматкерлери тарабынан болгон уруп согуу дароо токтосо, ал жарым жылдан кийин кайра өсүш берүүдө.

Shailo-urnasy

Акимдерди шайлоону тез, таза өткөрүү керек

Мындай пикирин облус башчысы К. Муратбеков бүгүн депутаттардын райондук кеңешинин төрагалары менен жолугушууда билдирди. Анткени өкмөттүн программасы да даяр болуп, эми иштөөгө кез келди. Жазга даярдыктар да алыс эмес. Андан сырткары губернатор шайлоого тиешелүү жактарды да шайлоону мыйзамдуу өткөрүүгө чакырды. Утулуп калган тараптарды элди көчөгө чыгарбай, демократиянын тандоо принциптерин сыйлоого үндөдү.

Магистратурага тапшыргандар жыйынтыгын угушкан жок

КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын магистратурасына тапшыргандар сынактын  жыйынтыгы менен дароо тааныш болгон жок. Ар жыл сайын сынак бүтөөрү менен жыйынтык чыгарылчу. Бул жылы 6-февралда борбордон чыгып келмекчи. Облус боюнча 31 адам документ тапшырса, эссе, тест жана маектешүү сынагына 27 си катышкан. Академиянын магистратурадагы айрым окуулары бюджет болуп Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте колдоого алынып келет. Жалпы 13 орун берилген: жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу – 6, билим боюнча башкаруу-3, социалдык башкаруу -2, өкмөттүк эмес уюмдарды башкаруу -2. «Окууга кабыл алынгандан кийин, бул жылы өзгөчөлөнүп, угуучу, көбүнчөсү иштегендиктен жумуш берүүчү, Академия жана Фонд болуп төрт тараптуу келишим түзүлөт»,- дейт Бейшен Турсунбаев, сынактын техникалык катчысы.

Slider by webdesign

Hit counter by directory2009
div class=