4-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиевдин отчетун угуу үчүн чогулушту. Сессия алдында мэрдин буйругу менен 1-вице мэр Нурбек Молдокадыровдун жумуштан алынышы көпчүлүккө жаңылык болду.
Б. Жээналиев анын себебин шаардагы мыйзамсыз курулган курулуштарды жөнгө салуу боюнча атайын комиссия түзүлгөндүгүн, ал комиссиянын мүчөсү мамлекеттик архитектуралык курулуштарды көзөмөлдөө мекемесинин жетекчиси А. Чортекова Н. Молдокадыров комиссиянын жыйындарына келбей койгондугуна арызданган. Андан сырткары стат комитетке отчет берген эмес деген жүйөөлөрдү айтты
Бирок өзү ошол эле отчет берүү учурунда Городок аймагындагы мыйзамсыз курулган гаражды мэр болуп туруп алдырып сала албасын мойундады.

Саламатсыздар!!! Ар бир нерсенин оз мезгили бар, учурунда Молдокадыров дагы жаш болуп туруп, жаштардын атынан башкача жаныча саясат кылбай, бул жумушу мураска калгансып, бир катар туура эмес иштерди кылып келгендигин баарыбыз жакшы билебиз. Керек болсо Нарын жолун салуудагы жоголгон акчалар анын жардамы менен болбогондо, кимдин??? Аааа…озун бул жумушка алып келип, ушул даражага жеткирген устаты Кулматов Алмазга да жакшылык кылбастан, тескерисинче ордун тартып алган учур да болду эле. Эми минтип мезгил ар бир нерсени ордуна коер да убак бар экени айдан ачык болду. Албетте, бул табалагандык эмес, бирок байлык, бийлик ж.б. баардыгы калаар, а бирок сен кеткенде артынан башын чайкап, окунуу менен “Ал элдик эле, ал болбосо кандай болмок..???” деген ойдо калган элин турса, мына ошондо татыктуу “Адам” болгондугуна ишенсен болот, урматтуу окурмандар!
Бийликтеги башкаруу системасын радикалдуу турдо озгортуу керек!Молдокадыровко чейинки жана андан кийинки дагы адам эч бир жанылануу киргизе албайт, качан система озгормоюнчо!!!
Сен таза болсон мен таза болсом коом таза болот дегендей барыбыз таза иштейли мекендештер
Ал эми мэр Баатырбек озу таза адам болду бекен, ушул суроо туулат, кызматка кантип келди, кантип иштеп жатат? Озу коррупционер, мясокомбинатты жеп бутту, ушул киши мэр болуп олтурганынан тан калбай деле калдым. Кантип иштеп, эл менен кантип суйлошот. Корккону эле беш катын дейт ко, эптеп кун отуп, айлык алса болду экен да.
Азыркы Нарын шаарынын Мэри, Баатырбек мырза кандай иш чара алып барып жатканы жалпыга маалым. Баатыр – Мэр Нарын шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошмок турсун кичинекей Эт комбинатын кантип өркүндөтүү туурасында катуу ой жүгүртүп аткан чагы болсо керек!
Шаардын мэри эмне жумуш аткарып жаткандыгы шаардын элине белгилуу эле болсо керек. Азыркы учурда мэрдин жумушун (Нарын шаарын корктондуруу, тазалоо) копчулук болугун губернатор мырза аткарып жатат. Ушундай чарбалык жумуштарды губернатор аткарып жаткандан кийин Мэр мырзанын жергиликтуу денгээлдеги саясий-экономикалык жумуштарын айтпай эле коелу!