624 окурманыбыз окуп, таанышты. 

Нарын облусунун башчысы Канатбек Муратбековдун блогу «naryn.kg» маалымат сайтында ачылды. Анда К.Муратбековдун өмүр баяны жана буга чейин аткарылган иштери жайгашкан. Ал эми аталган сайттын баардык маалымат алуучулары губернатордун блогун ачып анын аткарып жаткан иштери менен толук  тааныша алышат.  Блог эл менен бийликтин ортосундагы ачыктыкты жана байланышты   чагылдырып берет. Сайт аркылуу каалоочулар облус башчысына  суроо берип, жооп ала алышат. Мындан сырткары келечекте  губернатор  К.Муратбеков  ар бир райондун акимдери менен бул блог аркылуу сүйлөшүп, тиешелүү тапшырмалырды берип турууга да мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.   

Эске салсак нарындагы  жалгыз «naryn.kg» маалымат сайты 2007-жылы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун каржылоосу менен ачылган.

Социалдык түйүндөргө жарыялоо:

  6 пикир - “Республикада биринчилерден болуп Нарындын губернаторунун блогу ачылды”

  1. Ачылган блогду окуп аябай кубанычта болдум. Заман менен тен кадам жасап учурдун талабына ылайык интернетте блог ачуу чон жетишкендик деп эсептейм. Ар дайым жакшы жанылыктар жарыяланып турушун каалап урматтоом менен Кыял Турдакунова.

  2. Канатбек Камбарбекович! Чынында Сиздин келишиниз менен облусубузга коптогон инновациялык агымдар келип жатат. Блог ачканыныз дагы чон корогочтук жана эрдик! Мен Сиз менен аз эле иштешип калганыма окунуп журом. Апрель ынкылабында башка айылдан келип, откон Шайлоодо отпой калгам, ал деген элдин тандоосу деп эсептеп, эч кайгырбайм. Бирок, Кочкор районунда биринчи интернет колдонгон, биринчи ноутбук которгон, 1 жылда 18 миллион сом инвестиция тарткан, облустун 63 айыл окмоту арасындагы ГТСтин 12 миллион сомдук жалгыз курулуш конкурсун утуп алган окмот болуп, айылымда “Инноватор” аталдым эле. Жаны агымга тартылууну элибиз али жакшы тушунбой келет. Сиздин улгунуз ушул туркойлукту кууганга оболго болушуна тилектешмин. Биздин багыбызга иштеп турсаныз экен!!!

    Ийгилик каалоо менен Шамил Усубалиев.

  3. Канат байке ишинизге ийгилик.Сиз бизнес форум откоргондо айткам сиздин жанынызда кой терисин жамынган карышкырлар бар сиз ошолордон арылмайынча боркунуздой корунуз сиз деле карышкыр атка конуп кетесиз. бул эскертуум сизге экинчи жолу, бир тууган.

  4. Канат байке, сиздин иштегениңиз мага аябай жакты, бул жакка келген кишилер алып жулуп тоноп, өздөрүнө курчусун куруп кетишти, Эмил Узакбаев дагы иштеди. Салынбай, талкаланып бараткан Городоктогу мончону, квартираларды куруп кетти, Азамат! Сиз болсо менин угушум боюнча, Казахстанда иштегенсизби? Жайында барганда анча мынча Казахстандын чөйчөктөгү гүлдөрүн көрүп, жакшы болуп калыптыр дедим. Сизге чоң рахмат,жолдорубуз оңолуп калганына, барганда унаамды ремонтко киргизчи элем. Сизге албан ийгилик, дагы көп нерсени кылыңыз. Нарындай жерибиз кичинекей Швейцария.

  5. Саламатсызбы Канатбек мырза.ишинизге ийгилик жана ден соолук .1 менин кайрылуум Нарын шаарына мин транстан 7 миллион которулуп наарын шаарынын жолун ремонтогонго аны аткарууга алган ЖТИ №41ишканасы тоолук аткарылбай калган жана ушул жерде акча махинациясы тууралу прокуратура иш козгогон эле анан эле дым чыкпай калды эле сиз козомолго алуу менен бирге ошол жумуштуу аткарган адамдарды жоопкерчилике тартырып жок болуп кеткен каражат оз ордуна келенби.ошол кездеги жетек4чи№41дин азыр деле иштеп жатат.

  6. Саламатсызбы Канатбек Камбарбекович! Мен сизден сурайын дегеним, азыркы убакта магистрдик диссертация жазып жаттым эле, темасы: “мамлекеттик башкаруудагы менеджменттин ролу”. Ушул тема боюнча суроом Нарын областында менеджменттер барбы жана Нарын башкарып жаткан системанын схемасын жибере аласызбы? Алдын ала Рахмат.

 Пикир калтыруу

   
© 2012 Suffusion theme by Sayontan Sinha