2 окурманыбыз окуп, таанышты.
Акыйтчынын өкүлчүлүгүнөтүшкөн 89 арыздын 23 милиция кызматкерлеринин үстүнөн болгон. Бул маалыматты Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгү тастыктады. Өткөн жылы улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн 2, прокуратура кызматкерлерине 3, соттордун үстүнөн тогуз арыз түшкөн. «Сотторго түшкөн арыздар чындыкка жакындайт себеби үйүрлөп жылкы уурдагандар бош жүрсө, айрымдары амнистияга туш келишүүдө. Ал эми бир уюлдук телефон уурдагандар соттолуп кетишкен» дейт Акыйкатчынын Нарны облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Б. Ырысбеков. Андан сыркары алардын байкоолору боюнча 7-апрель окуясынан кийин милиция кызматкерлери тарабынан болгон уруп согуу дароо токтосо, ал жарым жылдан кийин кайра өсүш берүүдө.
