КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын магистратурасына тапшыргандар сынактын жыйынтыгы менен дароо тааныш болгон жок. Ар жыл сайын сынак бүтөөрү менен жыйынтык чыгарылчу. Бул жылы 6-февралда борбордон чыгып келмекчи. Облус боюнча 31 адам документ тапшырса, эссе, тест жана маектешүү сынагына 27 си катышкан. Академиянын магистратурадагы айрым окуулары бюджет болуп Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте колдоого алынып келет. Жалпы 13 орун берилген: жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу – 6, билим боюнча башкаруу-3, социалдык башкаруу -2, өкмөттүк эмес уюмдарды башкаруу -2. «Окууга кабыл алынгандан кийин, бул жылы өзгөчөлөнүп, угуучу, көбүнчөсү иштегендиктен жумуш берүүчү, Академия жана Фонд болуп төрт тараптуу келишим түзүлөт»,- дейт Бейшен Турсунбаев, сынактын техникалык катчысы.
2 окурманыбыз окуп, таанышты.
