4 окурманыбыз окуп, таанышты.
Бул маселени шаардык коллегияда архитектура башкармалыгынын башчысы Уланбек Калманбетов көтөрдү. Генералдык план иштетилип шаардык кеңеште бекитилсе, бир көчүрмөсү Улуттук Коопсуздук Комитетинде болмокчу. Генералдык пландын наркы эки жарым млн сомду түзөт. Каржы жагы чечилсе, чийме Бишкек шаарынан жасатылмакчы. Нарын шаары 2004-жылга чейин Нарын районуна караштуу болуп келген.
