4 окурманыбыз окуп, таанышты. 

Нарындагы СИЗО-4 абал тынч. Ал жерде олтургандар республикабыздагы башка жаза өтөө мекемелеринен айырмаланышып, ачкачылык кармап же ооздорун төөнөшкөн жок. Эч кандай саясий талаптарды да көтөрүшпөдү. Аталган абакта крим лөктөрүнүн бири делген Азиз Батукаев жана Жогорку Кеңештин  мурдакы депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө шектүү деп табылган Руслан Абдуллин олтурушат. Өткөн жылы алардын абалы менен таанышкан Акыйкатчы Турсунбек Акун А. Батукаевге жолугуп, ага Нарында «жашоо жагып» жаткандыгын кабарлап, СИЗО-4 абал башка республикадагы андай мекемелерге салыштырмалуу жакшы экендигин баса белгилеген. Учурда аталган мекемеде мончо маселеси гана  чечилбей жаткандыгын Акыйкатчынын облустагы өкүлү Бакыт Ырысбеков кошумчалады.

Социалдык түйүндөргө жарыялоо:

  Бир пикир - “СИЗО-4 абал тынч”

  1. Нарындын СИЗО-4 Батукаевге баш ийет да калгандарды Колбаев Дубайдан башкарып атса ошондой болот да

 Пикир калтыруу

   
© 2012 Нарын.kg медиа борбору Suffusion theme by Sayontan Sinha