171 окурманыбыз окуп, таанышты. 

Бул жылы өкмөт тарабынан насыяга бериле турган 1 млрд сомдун 500 млн сом мал чарбачылыгына, 500 млн сом талаачылыкка берилмекчи. Мал чарбачылыгына 300 миң сомго чейин 2 жылга, талаачылыкка 200 миң сомго чейин 1 жылга берилет. Насыя максаттуу пайдаланылбаса, пайыздык ставкасы 36 пайызга чейин өсмөкчү. Негизги сумманы тогуз айдан кийин үчтөн бирин, пайыздык сумманы үч айда бир төлөө керек. Насыя алууда талап кылынуучу документтер: күйөөсү-аялынын паспорттору, нике тууралуу документ (ЗАГС), тамдын документи, айыл өкмөтүнөн үй-бүлө жана мал тууралуу справка. Жобо боюнча насыя 10 күндүн ичинде берилиши керек. Учурда Айыл Банктын облустагы кеңсесине 200 дөн ашуун адам консультация алуу үчүн кайрылган.

Социалдык түйүндөргө жарыялоо:

  4 пикир - “Жети пайыздуу насыянын шарттары”

  1. Бабанов баш болгон өкмөттүн бул иштери жакшы. Бирок медалдын эки бети болот демекчи,7пайыз менен берилип жатканы жөнөкөй карапайым, мал чарбачылыгын жаңыдан тургузуп жаткан адамдар албай, баягы, баягы бай, эчак бутуна туруп кеткен чон фермалар жана биздин облустагы атка минерлер алып жатканы капалантат. Ушул тууралу жөнгө салуу жагында карашса жакшы болмок демекчимин.

  2. кыргыз баласы жазганын окуп пессимист экенсиң дейт элем, эгер өзүм да ошондой эле ойго кире баштабасам. Насыянын бир жагын карайлычы: Бир миллионердин акчасы банкта жата берип, инфляция үчүн былтыркы миллионго быйыл былтыркыдан аз нерсе сатып ала алат экенин түшүндү. Анан ал дагы ошого окшошкондор менен биригип акчасын кантип жөн койбой иштетем деп ойлонду. Анан проценке берди. Ошол эле. Бул кредиттер тетиги жакта байлардын акчасы. Жеткиликтүүлүгү менен кең тараган. Эми ойлонсок, дебиторго окшошуп кредитор да кызыкдар. Кредитор канча көп үстөк кошсо ошончо бизнеси жүрөт. Алып атканда абдан формалдуу, башкача айтканда эч шарты айтылгандан өзгөрбөс болгону менен, бул жерде да соода болуш керек. Ары ойлонуп, бери ойлонуп эч жолун таппадык деген менен, кредиторлордун баш оорусу болгон эки гана суроо бар. Бири: акчам кайра келеби. Экинчиси: канча кошулуп келет. 7 пайыздыктан башкасы ушундай жол менен келет. Эгер насыянын пайызын түшүрүүгө аракет кылса, анда ал байлар көбүрөөк акча табайын деп, завод, фабрика ж.б. курушат да. Бир байдын 12 милиион тегереткени (көрсөтмөйүнчө түшүнбөйт экенсиңер)

    Айы —– Бергени —– Алганы (миллион менен)(20% менен)
    1 ——– 1 млн ——- жок
    2 ——– 1 млн ——- 0,1 млн
    3 ——– 1 млн ——- 0,2 млн
    4 ——– 1 млн ——- 0,3 млн
    5 ——– 1 млн ——- 0,4 млн
    6 ——– 1 млн ——- 0,5 млн
    7 ——– 1 млн ——- 0,6 млн
    8 ——– 1 млн ——- 0,7 млн
    9 ——– 1 млн ——- 0,8 млн
    10 ——- 1 млн ——- 0,9 млн
    11 ——- 1 млн ——- 1 млн
    12 ——- 1 млн ——- 1,1 млн
    13 ——- 1 млн ——- 1,1 млн
    калганы 13- айга окшош эле.
    Айта кетчү нерсе 13-айда 1-айдагы миллион кайра берилет. анткени ал уже келген.
    Көргөнүңүздөрдөй 1 жылдан кийин эгер туруктуулук болсо (бизнесте анан саясатташтырып ийбегиле) бизнестин рентабелдүүлүгү 120% ке чыгат да калат. Дегеним 12 млн дон ашык салбайт бул бизнеске. Түшүндүңөрбү? Он жыл мурунку 12 млн азыр 100 млн дон ашып кеткен. Анан кантип убактысын жана насыянын өлчөмүн көбөйтүшпөйт. Бул акчаны кайда катат. (Банк деп бырс этип алыңыз).
    Эгер колунан келген киши окуп калса, тэээээтиги жакка кагазга принтерден бастырып алып берип койгулачы. Алар да түшүнүп алышсын. Анан кантип анан, он жыл мурун мейли 12 млн берип өнүктүрүүгө салымын кошуптур бир бай. А биз ага 10 жыл бою 100 млн төлөдүкпү? Ооба. Жеттиби. Эми кайсы бизнес проектиңиз бар мындан да рентабелдүү, инвестор табылат. Ал бир паста эле. Проектиңиз ушундайбы?
    (Кыргызстанга окшогон өлкөдө банк секторунун рентабелдүүлүгү 30% тен ашык болот)
    (Чынында эле пайыздар кийин кийин эле түшө баштабаса, өткөн 10 жылда 12 млн 100 млн кылышты окшойт)
    Айтайын дегеним: инвестициялар банк аркылуу эмес эле түз ишкерлерге канчадан бери жетпейт.

 Пикир калтыруу

   
© 2012 Suffusion theme by Sayontan Sinha