Фев 102012
Нарын СИЗосунда олтурган крим лөктөрүнүн бири делген Азиз Батукаев да абалдары жакшы экенин, укук коргоо кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирди Т. Акун менен болгон жолугушууда. Ал бир камерада жалгыз олтурат. Анын “бөлмөсүнөн” да телевизорду көрүүгө болот. Гезит журналдар, ал сураган адабияттар бир аз кечигип келээрин билдирди. Аны менен катар республикалык 5 каналга артыкчылык берет, жаңылыктар топтому жагаарын кошумчалады. Журналисттер менен сүйлөшкөнүнө карабай, А. Батукаев сүрөткө түшүүдөн баш тартты.
