Өткөн 2011-жылдын жыйынтыгы менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 2010-жылга салыштырмалуу кылмыштын бетин ачууну 4% га жогорулатышкан. Мындай маалымат журналисттер менен болгон жолугушууда белгилүү болду. Облус боюнча өткөн жылы жалпы 721 кылмыш иши катталып, 2010-жылга салыштырмалуу 39 кылмышка көп катталганы менен, 538 кылмыштын бети ачылып, ал 83% ды түзгөн.
Жумгал РИИБ жаңы имаратка кирсе, Өрнөк айылындагы участкалык милиционер үчүн имарат салынды жана Нарын ШИИБ кошумча имаратка ээ болду. Аны менен катар аталган башкармалык ЕККУ (Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюму) менен жергиликтүү эл менен тыгыз иштеди. Мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү, ар кандай сынактар болду.
Фев 112012
