Жумгал райондук кеңештин депутаты Барчынбек Орозобеков менен райондун акиминин биринчи орун басары Рысбек Кудайбергенов акимияттан урушуп кетишкен. 11-февралда облустан барган өкүлдөр менен бирге жаңы шайланган Жумгал районунун акимин кызматкерлер менен тааныштырышкан. Ошол жыйында Б. Орозобеков жаңы аким Адылгазы Исагуловго акимдин орун басарлары жакшы иштебей жаткандыгын айткан. Жабыркаган Б. Орозобековдун айтымында жыйын бүткөн соң ал акимдин кабинетинен чыгып келе жатканда акимдин орун басары Р. Кудайбергенов аны чакырып, кабинетине киргизип көзгө башка сабаган. Жыйынтыгында Б. Орозобеков учурда ооруканада, прокуратурага арыз менен кайрылган. Б. Орозобеков райкеңештин беш жолку депутаты. Ал эми экинчи тарап Р. Кудайбергеновдун маалыматы боюнча Б. Орозобеков өзү кабинетине кирип келип стулдарын кулатып сөгүп, урушуп чыгып кеткен. Иштегенине үч ай болгондуктан аны жакшы иштер иштебесин чечүүгө азырынча убакыт тар деген пикирде Р. Кудайбергенов. Ал да прокуратурага кайрылган. Р. Кудайбергенов буга чейин Жумгал районундагы Түгөл- Сай айылында айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Айрым жумгалдыктар аны облус губернатору К. Муратбековдун кадрдык жүрүшү катары баалашууда. Анткени губернатор да ошол айылдан. Учурда облус башчысы эки жумалык эмгек өргүүсүндө болгондуктан байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.
1,056 окурманыбыз окуп, таанышты.

Тоба ушу кантип болсун, көчөдөгү мастарга сөз жок анда.
Ой атаң аким болгон сени, куудулдар куудулдугун кылат.
Оозуна алы жетпеген немеге ырас болот
бали, баракелде экооно тен, шумдугун кур.
рай кенештин депутатынын сынына чыдабаган зам аким ушуну кылса анда “чын чычалайт “деген соз туура го…
айылдашы деген губернатор бул инцидентке калыс карабаса анда жердешчиликтен чыга албаган губернатор катары бааласак болот.
кличкалары: депутат – головей, зам.аким – бозалачаң экөөнө тең сөз жок
Чай пай талашкан гоо гыыггыы
Барчынга сооп болот
Жумгалдын акиминин орун басары бүгүн арыз жазып кызматтан кетиптир дейт ко, сүйрөлүп, догурунуп бирөөнү көк муштум кылбай үйдө чай ичип жата бериңиз эми байболгур мырза?
Берки айшакан айым да кетсе жакшы болот эле, Асанова ай ий адамды итке теңеп айбанды дос кылган шумдук орун басар, телефонду колго алып алло Алмаз Шаршенович, Роза Исаковна дегени жакты, алар эле бул айымдын звоногун эле күтүп турат дейсиңби, обу жок катын орсок уй сааганы чын окшойт
Омеей мен кетпейм, мени эч ким кетире албайт, мен иштейм, иштеп эле атам жакшы эле, мени көргүсү келалбагандар эле кетет деп жатат, мен кыйын иштеген айымдардын биримин да Атамбаевдин карындашы, Отунбаеванын сиңдиси болом, Бабанов ал досум!!
ушинтип эле иштей берсе болот экен да., бул эмне деген корунуш, минтип олтурсак качан онугобуз, жердешчилик-тууганчылык дегенди качан жоебуз? качан жаштар келет кызматка, биз деле иштей алабыз, колдон озгортуулор келет, анан эле баягылар эле, кайра эле тааныш, тууган. Ушул губернатор жаш, ушундай жаман кадамга барбайт деп катуу ишенгем. Бул киши деле тааныштарын, туугандарын кызматка тарта берсе жыргабайбыз го. Качан жаны кишилер келет, канчалаган жаштар кызматы жок кочодо журот, алар да иштеп, уй булососун багып, кызматтан чоноюш керек да.
оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн болуптур