Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында облустун баардык райондорунан делегаттар катышкан курултай болду. Аны Кыргыз жаштар кеңеши уюму өткөрдү. Ага 350 нүн тегерегиндеги жаштар катышты. Негизги тема облустун аймагындагы кен байлыктар жергиликтүү жашоочулардын макулдугусуз иштетүүгө каршы экендиктерин билдиришити. Алсак Солтон-Сарыдагы Бучук кенинде иш жүргүзгөн кытайлык “Myling Resources” компаниянын лицензиясы октябрда кайтарылып алынганы менен, ошол кездеги Жаратылыш ресурстар министри Замир Эсенамановдун уруксаты менен кайрадан 2011-жылдын 20-декабрынан 2013- жылга чейин узартып койгон. Буга бүгүнкү курултайдын катышуучулары нааразы болуп, токтом кабыл алышты. Анда кен байлыктар жергиликтүү калктын макулдугун эске алынбай иштетилбесин. Ал токтом президент баштаган жогорку бийликтин наамына жазылган.
1,542 окурманыбыз окуп, таанышты.

Туура канча деген адам үй бүлөөсүн бакмак, салык өкмөткө түшмөк. Пенсия убактысында берилмек. Анын баарын ташыткысы келип жатабы өкмөт?
туура жаштар жакшы маселени карап жатышат .бул жерде коп ойун бар айылда тузулгон комиссиядан тартып райондун акимине чейин кызыкдар кытайлык фирманын иштешине,себеби пара берип аларды кондургон алар элдин атынан кол койуп макулдугун беришип кытай тарап берген акчага оздору калагандай ал акчаны пайдаланган.а айыл окмот бир болгону капкара болгон тилинен чан чыкан жумушту болсо тили менен бутургон бала экен ушуну да карап койсо жаштардын курултайында
Кыргызстан Жаштар Кеңеши жакшы иш кылып жатат. Кен-байлыктарды сактоого абдан чоң кызмат кылыптыр
Азамат жаштар. Негизи Кыргызстан Жаштар Кенеши эл көйгөйүн чечип келатат. Кыргызстандын жерин саткан саткындар жоопко тартылса үлгү болот эле. Ушунуңардан тартпагыла, биз колдойбуз!!!
Канчалаган жерибиз ит бекер иштелип келет, ал эми элге эч кандай пайдасы жок. Туура маселе көтөрүлдү. Инвесторлор элдин пайдасына ыктаса, иштетсе болот.
Мен дагы кошулам, кыргыздын жерлерин эч качан кытайларга бербеш керек
Азамат жаштар. Кыргызстанда да патриоттор бар экени кубантат. Эмнеге өз жерибизде туруп, сырттан келген инвесторлорго байлыгыбызды жөн беришибиз керек. Бизде мыйзмадар иштебейт! Эгер бийлик катуу талап койсо эл менен инвесторлордун ортосунда түшүнбөстүктөр болбойт эле. Тилекке каршы бардыгы чөнтөккө иштешет. Биз колдойбуз жаштардын демилгесин!!!
Ушундай маселелерде биздин жергиликтУУ бийлик өкүлдөрү эмнеге чечкенге көмөктөшпөйт?!!! Жаштар туура көтөрүптүр. Буга чейин Жетим-Тоо, Сандык, Кумбель маселелерин көтөрүп чечишти эле. Эми Солтон-Сарыга киришиптир, кудай сактасын ар кандай терс көрүнүштөрдөн, бийликтин кысымынан. А бирок карапайым эл колдойт!!!
Инвесторлор 70% алат кен байлыкты, а биздин өзүбүздүн жерибиздеги балыгыбызды, тарттырып отура беребиз, андан көрө биздин тукум уруктарыбызга калсын, иштетпей эле коюшсун! Алдыбызды ойлойлу жэрдештер!!! Еврей өлүп баратып дагы алтын тишин небересине калтырат.
Мындай кен байлыктуу жерлерди мамлекет өзү көзөмөл кылуусу керек. Ошол жерлер жергиликтүү элдин жери жана жайыты, инвесторлор берген акча кайда кеткенин контролго алыш керек. Азаматсыңар жигиттер!