156 окурманыбыз окуп, таанышты. 

Нарын облусунун Кочкор районунун 1980-жылы туулган М.А. жана 1989-жылы туулган  О.И. аттуу кыздар киши өлтүрдү деп кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.  Кыздар  Кочкор айылынын тургуну 1949-жылы туулган Б.О. менен спирт ичимдиктерин ичишип, ортодо чыр чыгып, экөөлөп  муунтуп өлтүрүшкөндүгү  Кочкор РИИБ тарабынан  аныкталган. Райондук милицияга  үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Кочкор районунун жашоочусу кайрылган. Анда  аталган айылдын тургуну 1949-жылы туулган Б.О. өзү жашаган Кочкор айылынын Көбөгөн-Сай участкасындагы үйүндө жатып каза болгондугу билдирген. Ыкчам түзүлгөн топ шектүүлөрдү  кармап, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Социалдык түйүндөргө жарыялоо:

 Пикир калтыруу

   
© 2012 Suffusion theme by Sayontan Sinha