Жумгал районунун үч ай мурда бекиген акимдин орун басары Рысбек Кудайбергенов, өз каалоосу менен жумуштан кете тургандыгын билдирген.. Бизге жеткен маалымат боюнча андай арызды Р. Кудайбергенов кечээ 20-февралда жазган. Бул кабарды бүгүн Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов “naryn.kg” ге телефон аркылуу тастыктады.”Р. Кудайбергенов кызматтан өз ыктыяры менен кетүү боюнча өкмөт башчысы Ө. Бабановго арыз жазганы чындык”,-деди аким А. Исагулов.
Эске сала кетсек акимдин орун басары Р. Кудайбергенов “иштегенин сындасам мени сабады”,- деп аталган райондун депутаты Барчынбек Орозобеков маалымат берген. Жабыркаган Б. Орозобеков бул иш боюнча укук коргоо кызматкерлерине арыз жазган, өзү ооруканада дарыланууга аргасыз болгон. А бирок Р. Кудайбергенов ал дооматты четке каккан.

Кеткениңизге Рахмат. Бирок, чапканыңызды мойнуңузга алсаңыз андан да жакшы болмок.
Жаңы акимден башкасы баары тазаланмайын жумгал эли оңолбой калды! Жаны аким өзүңүз ойлонуп иштеңиз, элди ойлоңуз. Эл көрөгөч.
Жакшы экен кетип калганы, бирок чапкандан кийин мойнуңузга алып койсоңуз болмок акимдин орун басары мырза, Асманды карап неге калп айтып атасыз же Кудайды унутуп койдуңузбу, эми жаңы аким боюнча, сиз Адылгазы мырза көп адамдарга жардам бергенсиз жана дагы деле берип келип турасыз, сиз жетектеген Жумгал Суу курулуш ишканасынын бүт кызматкерлерине майрам сайын же туулган күндөрү же болбосо жөн гана айдын аягы ар кандай белек бечектерди, телевизор, двд, чайнек, холодильник ж.б таттуу даамдардан белек кылып келчүсүз, эми эл башына келдиңиз дагы да болсо жардам сурагандар көп аларга сиздин колдоо керек, мына жаштардын ар кыл багытта идеялары бар жакшы жакшы тилек ой максаттары бар, Жумгалда бай тажрыйбалуу, таланттуулар бар бирок капчыктарында бир тыйын жок, мына ушул жагынан сизден колдоо күтүшөта. Андыктан жакшы иштеңиз, жалгыз дарак токой болалбайт деп Барчын мырза жыйында айтып өткөндөй жалгыз дарак токой болбойт, ириген орун басарларды кошуп албай жаш кадрларга көп басым жазаңыз, сизден жаңы, капкагы ыргып кетпеген адам келишин күтөбүз андыктан эки орун басарыңызды тен жаштардан күтүңүз, алардын буттары узун, келечектери кең болот рахмат!
Эмне учун экинчи зам эмгиче кетпейт? Же кылган иши жакшыбы?
Бул кишини бул жерге ким алып келген. Динара Асанова бул кызматка татыксыз. Жон эле окумот айлык толоп жатат акча кортуп. Жумгалдын зам акимдери баары кылмышкерлер деп 2010 жылы эле Жумгалдыктар айтып,каршы чыгып журушподу беле? Динара эмдигиче иштеп жургондугуно тан калам.Жаны аким бул кишиге чара коробу????